Түркмөнстанда азык-түлүк сатып алгандарга айып салынууда

0

Түркмөнстанда азык-түлүктү камсыздоодо кыйынчылыктар жаралды. Өлкөнүн баш калаасы Ашхабадда дагы абал ушундай. Бул тууралуу “Түркмөнстан Хроникасы” сайты жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, мамлекеттик дүкөндөргө бир катар азык-түлүктөрдү жеткирүүдө маселе жаралып жатат. Ал эми өлкөнүн аймактарында кырдаал курч бойдон калууда. Тамак-аштын таңкыстыгынан эл борбор калаага чейин келүүгө аргасыз болуп жатат.

Анткен менен түркмөн бийлиги Ашхабаддан унаа аркылуу аймактарга азык-түлүк жеткирген оор жүк ташуучу машиналарды текшерүүгө алып, айып пул салып жатат. Күч кызматкерлери жарандарга  айып пулду эмнеге салып жатканын түшүндүрбөй, ал үчүн дүмүрчөк дагы берилбегенин айдоочулар айтып чыгышты. Абал качан жөнгө салынат азырынча белгисиз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of