Улут аралык кастыкты козуткан видеолорду тараткан адам кармалды

УКМК улут аралык касытыкты козуткан, чагымчыл мүнөздөгү видеотасмаларды тараткан адамды кармады. Ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

УКМКдан билдиришкендей, видеолорду тараткан адам Баткен облусунун 29 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал WhatsApp тайпасын ачып, чагымчыл тасмаларды жүктөп турган.

“Кармалган жаран 2010-жылы тартылган – кыргыз жана өзбек улутундагы балдардын бири-бирин уруп жаткан видеолорду тараткан”, – дешти атайын кызматтан.

Шектүү тасмаларды таратканын моюндады. Топтолгон материалдар УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлдү.

УКМК чагымчыл мүнөздөгү материалдарды даярдап, тараткандарга каршы иш-аракеттерди улантууда. Мындай кылмыш  иш үчүн 4-7 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of