Аймактарда дин жаатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия аймактарда адам укуктары, радикализм, экстремизм жана башка маселелер жаатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындай иш чаралардын акыркысы Ысык-Көл жана Баткен облустарында уюштурулду. Бул тууралуу ДИМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтык-алдын алуу иш чараларында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм жана радикализмдин алдын алуу, жарандык интеграция, дин жаатындагы дагы башка актуалдуу маселелер боюнча сөз болду. Мунун алкагында жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аксакалдар, жаштар кеңештеринин, диний уюмдардын өкүлдөрү маалыматарга ээ болду.

Маалыматтык-алдын алуу кампаниясына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан сырткары милиция, эксперттер тартылган.

Иш чараларды ДИМК “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” ишке ашыруу максатында өткөрүп жатат. Кампания өлкөнүн дагы башка аймактарында улантылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика