Айпери Кубик кызы аэропорттун кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылды

Эстарда ырчысы Айпери Кубик кызы Ош аэропортунун кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, аэропорттун кызматкерлери шалаакылыкка жол бергендиктен, ырчы тойго өз убагында барбай калган.

Ырчынын постту өзгөртүүсүз берилди:

“Ош аэропортунун кээ бир кызматкерлери жоопко тартылсын. Менин 21-октябрда Саратов шаарында отуучу мааракемди «СРЫВ» кылышты! Той ээлеринин астында уят болуп, сөзгө калдым! Алар атайын чыгым кылып мени чакырышса, Ош аэропортунун кээ бир кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан бут жумушум артка кетти. Мен Москва шаары аркылуу учкандыктан, Москва менен Саратовдун аэропортторуна арыз менен кайрылсам, кечирим сурап, бизден кетсе бүт акчаңарды төлөп бермекпиз, бирок чемодан келген жок дешти. Өзүбүздүкүлөр ушундай кылганы жанымды кейитти! Угушумча Оштон буга чейин да мындай болгон экен. Менин жазганымдын себеби, эл силерге ишенгенден кийин милдетти так, жоопкерчилик менен аткарыш керек! Кызматкерлерди туура иштетиш керек! Чалып сурасам, биздикилер бири-бирине тонкоп, кечирим суроонун ордуна , айып төлөөнүн ордуна мойнуна албай жатышат. Ушу кантип болсун? Менин Саратовдогу уят болгонум,чыгымдарымды бут кайтарып берүүсүн суранам! Мындан ары мындай болбош керек”,-деди Айпери Кубик кызы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика