Акыйкатчы отчет берет

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчынын маалыматын угат.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, эл өкүлдөрү өткөн жылдарда Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча акыйкатчынын баяндамасын угуп, талкуулашат.

Дээрлик эки ай бою орду бош турган акыйкатчы кызматына Токон Мамытов 26-сентябрда шайланган.

Эгерде акыйкатчынын баяндамасы “канааттандырарлык эмес” деп табылса, анда ал мөөнөтсүз кызматынан кетиши керек.

Буга чейин бул кызматты Кубат Отробаев жетектеп, өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of