Акылбек Жамангулов “Мегакомдун” башкы директору болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов “Мегаком” компаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” өздүк булактар билдирди.

Маалыматты азырынча расмий булактар тастыктай элек.

Компанияны буга чейин Азат Базаркулов жетектеп келген.

Аукционго бир нече жолу коюлуп, бирок сатылбай келген “Альфа-Телеком” ишканасы мамлекеттин менчигинде калары жакында эле белгилүү болгон.

“Альфа Телеком” жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Кыргызстандын Өкмөтү аны 2015-жылы сатыкка чыгарган. Бирок ар кандай себептер менен бир да жолу тендер ийгиликтүү өткөн эмес.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of