Ала качуу курмандыктарынын ар бир 16-сы зордукталат

Жыл сайын Кыргызстанда 45-50 миңдей нике расмий катталат. Анын 20%ы кыз ала качуу менен коштолот. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңеште билдирди.

Омбудсмен айткан пайыздык чендерди абсолюттук сандарга айлантып көрөлү. Ошондо бир жылда 10 миңдей кызды ача качышат. Алардын 6%ы же 600ү зордукталган.

Ала качуу боюнча 2014-15-жылдары 732 кылмыш иши ачылган. Бирок мунун бештен бир бөлүгү тергөө жүрүшүндө токтотулган.

2017-жылы 7 кылмыш иши иликтенген, 13 кылмыш иши сотко өткөн.

Ала качуу курмандыгы зордуктоого кабылганын кечээ эле укук коргоочу Азиза Абдирасулова жарыялаган. Анын айтмында, иш сотко өткөн. Шектүүнүн жакындары же кыздын жеңеси жок, же молдо жок  ишке ашкан зордуктоону “мусулманча эле жаткыздык” деп сүрөттөгөн.

Сүрөттө Yuotube`дан алынган кадр

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика