Бишкек ЖЭБ көмүрдүн 40%ын Казакстандан алат

Бишкек жылуулук электр борбору бир сезондо 1 млн тонна көмүр керектейт. Анын 40%ы Казакстандан алынат. Бул тууралуу ЖКнын комитеттик жыйынында белгилүү болду.

Депутаттар ЖЭБ азырга чейин кошуна өлкөнүн көмүрүн ташып жатканын сынга алышты.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов түшүндүргөндөй, жылуулук электр борборунун жаңы курулган тарабы атамекендик көмүр менен иштей берет. Бирок эски тарабы Кыргызстандын көмүрүнө иштебейт.

“Ошондуктан биз 400 миң тонна көмүрдү Казакстандан алабыз”, – деди Боронов.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБге  Д, ДГ жана Г үлгүсүндөгү көмүрдү Казакстандан эки ортомчу компания жеткирери маалым болгон. 400 миң тонна көмүр 1 млрд 206 млн сомго түшөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика