Кылмыштардын Бирдиктүү реестри түзүлөт

Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестри түзүлөт. Бул биринчи кезекте укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөштө жардамы тиет.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

«Жарандарыбыздын пикири боюнча, сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар болуп саналат. Биздин милдет — мындай абалды толугу менен өзгөртүү. Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат», — деди мамлекет башчысы.

Өлкө жетекчиси билдиргендей, 2019-жылдын 1-январынан тартып сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөдө жазык-укуктук статистиканы түзүү үчүн зор мааниси бар Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрин баскыч-баскыч менен киргизүү мерчемделүүдө.

«Ошондо Кыргызстанда биринчи жолу укуктук статистика бириктирилип, иреттелет. Келип түшкөн бардык маалыматтар суткада 24 саат бою чогултулуп, Бирдиктүү реестрге киргизилет. Бул укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюуга өбөлгө болот жана жарандардын укугун коргоонун деңгээлин жогорулатат”,-деп кошумчалады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of