Кыргызстан 2022-жылы бюджет тартыштыгынан арылат

Өлкөнүн быйылкы жылдагы бюджетиндеги таңкыстык эки эсеге азайды. 2017-жылы дефицит 20 млрд сомго жетсе, быйыл 10 млрд сомго чейин түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ЖКнын комитеттик жыйынында билдирди.

Вице-премьердин божомолунда 2019-жылы бюджеттиги тартыштык 8 млрд сом болот. 2021-жылы 2,3 млрд сомго чейин азаят.

“2022-жылга дефицити жок бюджет менен кирели деп жатабыз”, – деди Боронов.

Эске сала кетели, 2018-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 158,4 млрд сомду, чыгашасы 178,6 млрд сомду түзгөн.  Дефицит – 20,3 млрд сом.

Сүрөт: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика