Кызды ала качып зордуктаган окуя боюнча сот иши создугууда

 18 жаштагы кызды Бишкектен Нарынга ала качкан 24 жаштагы жарандын сот отуруму улам жылдырылып жатат. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдырасулова «Калыс медиага» билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 3 жолу сот отуруму болгон. Бирок окуяга кириптер болгон күбөлөр сотко келбей, жараян аягына чыкпай жатат.

Ушуну менен 3 жолу сот отуруму болду. Бирок кызды ала качкан баланын жакындары сот отурумуна ар кайсы шылтоону айтып келбей жатышат. Кийинки отурум 29-октябрга белгиленген. Күтүп жатабыз. Кыз буга чейин күчтүү психологдордун жардамын алган. Учурда абалы жакшы. Кызды ала качууга көмөктөшкөн жигиттин эжеси үй камагына алынган. Ал эми ала качкан жигит Ленин РИИБ абагында жатат”,-деди ал.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 10-июнда Бишкектеги медициналык окуу жайында окуган 18 жаштагы кызды Нарындын Жумгал районуна ала качып кетишкен. Бул иш боюнча Ленин РИИБнин ыкчам кызматкерлери уурдалган кызды алып кетишкен районго барышкан.

Ыкчам аракеттердин негизинде кылмышка шектүү — 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жигит кармалган. Ала качууга дуушар болгон кыз шектүү аны зордуктаганын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп Кылмыш-жаза кодексиндеги 155-берененин (аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон.

Акыйкатчынын акыркы докладына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 50 миң нике расмий катталса, анын 20%ында кызды ала качышат. А алардын ичинен 6%ы же 600ү зордуктоого кабылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика