Президент Нарын облусуна барат

Бүгүн, 24-октябрда Мамлекет башчысы Нарын облусуна барат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдирди.

Президент иш сапары учурунда Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушат.

Мамлекет башчысы социалдык объектилерге барат, Президенттин катышуусу менен КР УКМК жана ӨКМдин кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өтөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of