Рак менен жабыркагандар үчүн морфин дозасы дээрлик эки эсеге көбөйтүлдү

Онкологиялык оорулардын оор түрү менен жабыркаган бейтаптарга берилүүчү дары-дармектин өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу “Эргене” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова “Калыс медиага” билдирди.

Анын айтымында, буга чейин морфин дарысы бейтаптарга 3000 мг чейин гана берилип келсе, эми ушул жылдан тарта өлчөм 5000 мг чейин көбөйтүлдү.

“Кыргызстанда онкологиялык оорулардын оор түрү менен жабыркаган бейтаптар өтө эле көп. Алар дарынын аз өлчөмдө берилгенине нааразы болушуп, оору менен алышып, бул дүйнө менен коштошуп жатат. Башка мамлекетте бул дарыга чектөөнү алып салган. Бизде болсо 5000 мг чейин гана камсыздалат. Эми ушул дарыны чектөөсүз эле берсе болмок”,-деди ал.

Сабырбекова кошумчалагандай, онкологиялык акысыз дарылар бир гана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн гана дарыканаларда дарыгердин рецеби менен гана берилет.

Морфиндин дозасы Жарандарды медициналык-сантиардык көмөк көрсөтүү программасынын алкагында ишке ашкан. Бул наркотикалык дарыны бейтаптар өзү жашаган аймагы боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборлор, ФАПтардан акысыз алса болот. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика