Социалдык өнүгүү министри кызматына Улукбек Кочкоров көрсөтүлдү

Экс-депутат Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Ак үйдөгү ишенимдүү булак билдирди. 

Кочкоровду бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөнү айтылды. Анын талапкерлигин кароо сунушу ЖКнын тиешелүү комитеттерине келип түштү.

Улукбек Кочкоров азыр 44 жашта. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон.

Эскерте кетсек, мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова чет мамлекеттерге болгон сапар учурунда дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгонун, премьер-министрдин уруксаты жок сапарга чыкканын Башкы прокуратура тастыктаган. Президент Исакунованы 11-октябрда жумуштан алган.

Буга чейин министрлик кызматка үч талапкердин сунушталып жатканы кабарланган.  Алар – мурда министрликти жетектеп кеткен Кудайберген Базарбаев, миграциялык кызматтын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Кудайбердиев жана Каржы министрлигинин экономика тармагындагы чыгашаларды пландоо башкармалыгынын жетекчиси Кыял Мукашев. Жогорку Кеңеш акыркысын колдоп жатканы айтылган эле. 

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of