Суусамырдагы жол кырсыгынан эки киши каза болду

24-октябрда Бищкек-Ош жолунда жүк ташуучу  «Фура» менен “Тойота Ленд Крузер” кагышып, эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык 24-октябрда түнкү саат үчкө жакын Суусамыр жайлоосунда жүз берген. Бул Бишкек-Ош жолунун 165-чакырымы.

“Тойота Ленд Крузердин” айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болду.

Куткаруучулар каза болгондордун денесин унаадан чыгарып, милицияга өткөрүп берди.

Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыктарынан миңден ашык адам мерт кетет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика