Төрага үрөн департаментинин үшүн алды

Парламенттин бүгүнкү жыйынныда төрага Дастанбек Жумабеков үрөн департаментинин ишин сынга алып, эт менен челдин ортосунда деп сыпаттады.

Эл өкүлдөрү жыйында “Үрөн жөнүндө” мыйзам долбоорун карады. Аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Айыл чарба министрлигинин тиешелүү жетекчилери эл өкүлдөрү тарабынан берилген суроого так жооп бере албай, алдастап калганда төрага “Жалган маалымат бербей, билбесеңер билбейбиз”,-деп айткыла деп зекиди.

Жумабеков элге жерлер ижарага берилип, эл өз киндигин өзү кесип жатканын айтып, департамент казынадан акча алгандан башка эч нерсе жумуш кылбай жатканын жүйө келтирди.

Кыргызстанда жыл сайын дыйкандар өз алдынча эгин эгишет. Быйыл болсо эң көп айдалган картошка менен сарымсактын баасы арзан болууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of