Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Эртең, 25-октябрда Өзбекстанда Кыргыз Республикасынын маданият күнү өтөт. Ал жакка барчу расмий делегацияны маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Секимов жетектейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Өзбекстанда көчмө көргөзмө, театралдаштырылган көрсөтүү, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын артистери, Нурдин Түгелов атындагы “Ак – марал” Мамлекеттик бий ансамбли, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамбли жана кино тармагынын өкүлдөрү кыргыз элинин улуулугун жана улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган маданий программа аркылуу өнөрлөрүн тартуулашат.

Эске салсак, 2017-жылдын 15-октябрында Өзбекстандын Кыргызстандагы  маданият күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлгөн. Эми Кыргызстандын маданият күндөрү Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында өтөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика