Жамангуловдун ЖКда бошогон ордуна ким келери белгилүү болду

Нурбек Тотонов “Республика-Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келет. Ал “Мегакомдун” директорлугуна кеткен Акылбек Жамангуловдун ордун басат.

Нурбек Тотонов тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын Оор атлетика федерациясынын президенти шайланган.

Тотонов шайлоо алдында 90дон ашык кичи ГЭСтерди куруу боюнча убада берген.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика