Жээнбеков: коомчулук казынага кол салгандарды жазалоону күтүп жатат

“Мамлекет кызматкерлердин турак-жай маселесин чечип берүү ишин улантарын, бул көмөк, кезегинде алардын кесипкөйлүгүн арттырууга жол ачат”,-деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жасаган иш сапары учурунда УКМК жана ӨКМдин кызматкерлерине батирдин ачкычын тапшырып жатып.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент жаңы конуштуу болгон кызматкерлерди куттуктап, өлкөдөгү коопсуздукту, жарандардын өмүрүн сактоодо бул кызматкерлердин ишине канаатанарын билдирди.

Жээнбеков УКМКнын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин алдындагы негизги тапшырма – эл аралык терроризм, уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз миграция, наркотрафик, аймак аралык кастык менен күрөшүү экенин эскертип, буларга каршы күрөшүүдө жумушту күчөтүү керек экенин белгиледи.

Аны менен катар коомчулук мамлекеттин казынасына колун салгандарды жазалоону, жемкорлук менен күрөшүүнүн жыйынтыгын күтүп жатканын кошумчалады.

Жаңы батирлүү болгон кызматкерлердин баары президенттин колунан 200 миң сомдук сертификататрды алышты. УКМК жана ӨКМдин жалпы 24 кызматкерине үйдүн ачкычы тапшырылды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of