Жээнбеков: Нарындан чыккан бизнесмендер кичи мекениңерди колго алгыла

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунан чыккан ишкерлерди кичи мекенин өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Мамлекет башчысы бул пикирин Бишкектеги белгилүү соода түйүндөрүнүн кожоюндарынын дээрлик жарымы дал ушул Нарын облусунан чыккан ишкерлер экендиги менен бекемдеп, ар бир жаран районуна, айылына пайдалуу иш жасаса болорун айтты.

«Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр Бишкекте керек болсо, мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланган бизнес-империяны түптөп, соода түйүндөрүн, эс алуу борборлорун, көңүл ачуучу жайларды биринин артынан экинчисин куруп жаткандар бар. Алардын жарымы касиеттүү Нарын жергесинен чыккан ишкерлер. Арасында доллар миллионерлер, сом миллионерлер бар. Алар өзүнүн кичи мекенине, элетке кайдыгер карабай өз айылын, районун колго алса, аймактар тезирек өнүгө баштайт. Мамлекетти эле карап отурбастан, ар бирибиз облусубузга, шаарыбызга, районубузга айылыбызга, көчөбүзгө пайдалуу иш жасайлы», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эгерде бизнесмендер аймактарда социалдык объектилерди, кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, продукцияларды экспорттошсо, мамлекет аларды ар тараптан колдой турганын убада кылды.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, жаңы спорт комплексинин ачып, куткаруучулар менен чекисттер үчүн курулган үйлөрдүн ачкычын тапшырды. Мындан сырткары облус калкы менен жолугушуп, баарлашты.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of