Жээнбеков жаңы ачылган спорт комплексинде волейбол ойноду

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жасаган иш сапары учурунда  Нарын шаарындагы спорт комплексинин ачылышына катышты.

Президент Нарын элин жаңы спорт комплекстүү болушу менен куттуктап, аны ишке ашырган “Газпром” компаниясына ыраазычылык билдирди.

Аны менен катар «Газпромдун» өлкө аймагынын 60 пайызын газдаштыруу боюнча масштабдуу иш жүргүзүп жатканын белгилеп, 2030-жылдары аягына чыгара турганын билдирди.

Жаңы ачылып жаткан спорт комплексинен кыргыз өлкөсүнүн атын тааныткан мыкты спортсмендер чыксын деген тилегин билдирген мамлекет башчысы, спорт комплексинде волейбол ойноду.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин берген маалыматына караганда, «Газпром – балдарга»  долбоорунун алкагында Кыргызстанда 9 ден соолукту чыңдоо комплекси курулган.

Сүрөт: Султан Досалиев

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of