Журналисттер арасында “Кош жылдыз” сынагы өткөрүлөт

Жалал-Абад облусунда эмгектенип жаткан журналисттер калем-камераларын мындай коюп, жуп-жубу менен сахнага ырдап чыкмак болушту.

Уюштуруучу топ – Журналисттер союзунунун Жалал-Абад облустук бөлүмү билдиргендей, “Кош жылдыз” кароо-сынагы бир нече маанилүу датага арналды.

Сынактын жобосуна ылайык, ага областун аймагындагы бардык журналисттер катыша алышат жана кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт. Ар бир ММКдан бир же бир нече жуп кызматкерлер өздөрүнүн чыгармачылык дараметин көрсөтүшмөкчү.

Сынак эки бөлүктөн туруп, биринчисинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу, инсценировкаларды көрсөтүү болсо, экинчи бөлүгүндө обондуу ырларды аткаруу каралган. Албетте, улуттук кийимдерди жараштыра кийинүү жагы да бааланмакчы. Сынакка жуптар бир жигит – бир кыз форматында катышышат.

Кароо-сынак Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармонияда өтүп, белгилүү өнөрпоздор коштомокчу.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө ар кайсы номинацияда чоң сыйлыктар берилмекчи.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of