Абылгазиев Баткенге барат

Бир күндүк иш сапары менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна барат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, премьер-министр Баткен жана Лейлек райондорундагы мектептердин жана бала бакчанын ачылыш салтанатына катышат.

Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл коет.

Мындан тышкары Абылгазиев айыл чарба көргөзмөсүнө барып, Лейлек районунун 90 жылдыгын белгилөөгө катышат.

Бүгүн, 25-октябрь – көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика