Алай районуна жаңы аким дайындалды

Өкмөттүн Ош облусундагы өкулчүлүгүнүн маалымат катчысы Айтмат Азамжан уулу “Калыс Медиага” билдиргендей, Ош облусунун Алай районуна жаңы аким болуп Молдокулов Замирбек Сарыевич дайындалды.

Бүгүн аны КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов жалпы жамаатка тааныштырды.

Замирбек Молдокулов 1964-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Кесиби боюнча экономист. Буга чейин Алай райондук финансы башкармалыгынын башчысы кызматында иштеп келген.

Мурдагы аким Ильяз Ташкулов берген арызынын негизинде кызматтан алынган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика