Бакыт Төрөбаев Кыргызстан экономикасы качан өнүгөрүн айтты

Кыргызстандын экономикасы калктын саны 10 млн кишигие жеткенде өнүгөт. Бул үчүн демография жаатында  анык бир максаттарды коюу керек.  Мындай оюн депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн ЖК жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, калктын санын көбөйтүү үчүн балдарга депозит ачууну өкмөт колго алышы керек деп эсептейт.

“Бала 18 жашка толгондо депозиттен окуусуна же ипотекага пайдалана алат. Же бизнес баштоого аз да болсо негиз болуп берет”, – дейт Төрөбаев. 

Ал калктын саны көбөйгөндө  урбанизация да башталарын кошумчалады.

“Кара-Балта, Кызыл-Кыя сыяктуу шаарларда кеминде 250-300 миң адам жашашы керек. Бул шаарларда бийик имараттар курулуп, өсүшү зарыл”, – деди депутат.

Кыргызстандын деомграфилык абалы азыр оң деп сыпатталат. Азыр калктын саны 6 миллиондон адамдан ашык.

БУУнун божомолунда 2050-жылга барып Кыргызстан калкынын саны 8 миллиондон ашат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of