Баткен: 9 айда 95 жаңы ишкана ачылды

Ушул жылдын тогуз ай аралыгында Баткен облусунда киреше алып келүүчү ишканаларды кошкондо жалпы 95 жаңы ишкана ачылып, 634 жаңы жумуш орун түзүлгөн.

Бул тууралуу Баткенде өткөн тогуз айдын жыйынтыгына арналган коллегияда маалым болду деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова.

Жаңы ачылган ишканалардын көпчүлүгү акы алып кызмат көрсөтүүчү ишканалар. Аларга чакан пескоблок чыгарган, тигүү цехтери, окуу борборлору, жеке менчик бала бакча, мөмө-жемишти кайра иштетүүчү, кургатып, таңгактоочу, сүт заводу, нан жана нан азыктарын чыгаруучу, жеке медициналык клиникалар кирет.

Үстүбүздөгү жыл президент тарабынан аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып, ар бир аймакта жаңы ишканаларды ачуу жергиликтүү бийликке милдеттендирилген.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика