Эл 3 миң сом, эл кызматчылары 60 миң сом алат. Депутат маянаны теңдештирүүнү сунуштады

Кыргызстанда ар кайсы тармакта жана баскычта иштеген кызматкерлердин айлык-акысы өтө айырмаланат. Жөнөкөй адистер 3-15 миң сом алса,  элге кызмат кылчу адамдардыкы – 20-60 миң сом. Бул көпчүлүктүн нааразылыгын туудурат. Мындай оюн депутат Максат Сабиров ЖК жыйынында билдирди.

Ал маяна көлөмүн адилеттүү теңдештирүүнү өкмөткө тапшырды.

“Аэпропортто же Мегакомдо айлык көп экенин баары билет. Бажыда маяна аз болгон менен коррупция бар экенин да билишет. Ушунун баарын теңдеп, көңүл буруп коюңуздар”, -деди Сабиров.

Ушул эле жыйында депутат Кенжебек Бөкөев суу сактагыч кызматкерлери 4-6 миң сом айлык аларын айтып, алар кантип тиричилик өткөрүшү мүмкүн деп суроо салган.

ЖК депутаттары кошумча төлөмдөр, тажрыйбасына жараша 35 миң сомдон жогору айлык алат. Мындан сырткары ар кандай чыгашаларга деп жылына бир жолу 40 миң сом чегерилет. Кышка даярдык деген берене менен эл өкүлдөрү +40 миң сомдон алары буга чейин талкуу жараткан.

2017-жылы Кыргызстанда орточо айлык 15 миң сомду түзгөн. Бирок бул ошол 50-60 миң сомдон маяна алгандардыкын кошуп, орток сан чыгаргандагы жыйынтык.

Эмгекке жарамдуу калк үчүн быйыл жашоо үчүн бир айлык минималдык керектөө 4,5 миң сом деп белгиленген. Мыйзам боюнча айлык акы ушул жашоо минимумунан өйдө болушу керек. А бирок 1200 сом маяна алгандар да бар.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of