Эми ишкерлердин укугун бизнес-омбудсмен коргойт

Аны ишке киргизүү механизмин аткаруу бийлиги иштеп чыгууда деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында ишкерлердин укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо камтылган.

Учурда өкмөт бизнес-акыйкатчы кызматын түзүү боюнча тийиштүү токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкуудан өткөрүүдө.

Бизнес-омбудсмен ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп, башка укук бузууларды, коррупция менен күрөшүүгө көмөктөшөт.

Болжолдонгондой, бизнес-омбудсменге караштуу катчылык, ошондой эле байкоочу кеңеш түзүлөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of