“Үмүт” эл аралык кино форуму башталды

Бүгүн, 25-октябрда Бишкетке КМШ өлкөлөрүнүн кино тармагынын адистерин бириктирген “Үмүт” эл аралык форуму башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кинофорум Бишкектеги Кино үйүндө 28-октябрга чейин өткөрүлөт. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналмакчы.

Форумда 40дан ашуун тасма көрсөтүлөт. Анда чет мамлекеттерден Казакстан, Литва, Өзбекстан, Тажикстан жана Эстониянын дагы тасмалары дагы бар.

Азыркы тапта маал-маалы менен Кино үйүнүн 2-кабатында бир катар тасмалар көрсөтүлүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of