Момбеков Таласка барбайт деп өкмөт башчыны сындады

Өкмөт төө буурчакка болгон баанын түшүп кеткенине көңүл бурбай жатканын депутат Рыскелди Момбеков бүгүн ЖК жыйынында сынга алды.

Эл өкүлүнүн айтымында, октябрдын башында төө буурчак баасы сортуна жараша 40-60 сомдон түшпөйт деп убадаланган. Азыр болсо нарк 25 сомго чейин ылдыйлап кетти.

“Презиздент айыл чарба министрине картошка баасын жөндөө боюнча катуу талап койду. А эмне үчүн өкмөт башчы бул маселе боюнча айыл чарба министрин чакырып, төө буурчактын баасына кызыгып койгон жок. Эл араң эле чыдап турат. Баа күндөн күнгө төмөндөп жатат, алган киши жок. Кызыл кулактар көбөйүп жатат”, – деди Момбеков. 

Депутат өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Таласка 2016-жылы вице-премьер болуп турганда барганын эске салды.

“Өкмөт башчы болгондон бери бүт облустарды кыдырып чыкты. Таласка бара элек. Өкмөткө өттү, бирок Өтмөктөн ары өтө элек. Же Таласка таарынычы барбы? Таарынычы болсо, сагынычы деле болсо керек. Төө буурчак эртең төбө чачты тик тургузушу мүмкүн. Бүтүндөй бир аймактын эли жабыркап жатат. Эл банкрот болуп атат. Көңүл буруп, басып барган киши жок”, – деди Момбеков. 

Талас облусу  85 миң тоннага чейин фасоль өндүрөт. Анын баасы жыл сайын дыйкандарды түйшүккө салат. Мартта эле килограммы 120 сом болуп жаткан төө буурчак азыр 30-35 сом турат. Нарктын үч эсе төмөндөшү жасалма жол менен болуп жатат дешет өндүрүүчүлөр.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of