Ош: оңдоо иштерине байланыштуу айрым аймактарда жарык өчүрүлөт

Бүгүн, 25-октябрда  саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын айрым аймактарында алдыдагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу электр жарыгын берүү убактылуу токтотулат.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, калаанын төмөндөгү даректеринде жарык болбойт:

Ош шаарынын №2 “Достук” аймактык кеңешине караштуу Достук к/ш №83, К.Маркс, Жиннах көчөлөрү, А.Сүйүмбаев атындагы стадион, Навои паркы.

№8 “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу Ленинград, Мельницкий көчөлөрү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика