Ош: таштанды полигону курула элек, бирок алынган карызды төлөө керек

Ош шаарына таштанды полигонун куруу үчүн ушул күнгө чейин жер бөлүнө элек. Ал ортодо долбоорго деп эл аралык донорлордон алган кредит 2019-жылдан төлөнө баштайт. Бул тууралуу депутат Абдывахап Нурбаев бүгүн ЖК жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2016-жылы Ош шаардык мэриясы менен Европа өнүктүрүү банкы таштанды талаасын куруу боюнча келишим түзгөн. Анын негизинде жарым-жартылай кредит жана грант түрүндө 10 млн евро келген.

“Ош шаардык мэриясы Жогорку Кеңешке жана башка түзүмдөргө жер боюнча канча жолу кайрылды. Бирок ушул күнгө чейин чечиле элек. А 2019-жылдан кредитти төлөп баштайбыз”, – деди Нурбаев.

Ал өкмөт өкүлүнө жерди бөлүп берүү маселесин көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ош шаарынын азыркы таштанды полигону Жапалак айылына жакын жайгашкан. Чачылган чыгынды, чыдагыс жытка нааразы болгон жергиликтүү эл талааны көчүрүү талабын көп жылдан бери коюп келген.

Ош мэриясынын маалыматында жаңы полигон курууга шаарда талапка жооп берчү жер жок. Андыктан муниципалитет Кара-Суу районунан тилке бөлдүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. Анысы аягына чыга элек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика