ОшМУнун үч магистранты Индияда сабак берүүдө

Ош мамлекеттик университетинин тилдер жана дүйнөлүк маданият факультетинин үч магистранты Индияда илимий-педагогикалык практикасын өтөп, мектепте сабак берип жатканын университеттин маалымат кызматы билдирди.

Алар Айнура Нишанова, Айнура Орозалиева жана Чолпон Абдразакова. Индиянын Харьяна штатында жайгашкан Сонна, Горавер жана Карнал мектептеринде илимий-педагогикалык практикасын өтөөдө. Практиканттар сабак өтүү менен бирге бирге педагогикалык, методикалык, лингвистикалык багыттагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзө алышат.

Окуу жай чет өлкөдө практика өтөөнү жылына эки ирет уюштурат.

Практика өтөө ОшМУ менен Харьяна штатынын Билим берүү министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашууда.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of