Сагындык Келдибаев: Бишкек жана Чүйдүн айланасында 400дөн ашуун мыйзамсыз имараттар курулган

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сагындык Келдибаев билдирди.

“Мыйзамсыз курулуштар же аларды курган компаниялардан биздин бир топ жарандар жабыркап келишет. Кызыл китеби жок эле, айыл чарба багытындагы жерлерге көп кабаттуу үйлөр салынып, батирлерди элге сатып жиберип жатышат. Натыйжада батирдин документин ала албай же кирип жашай албай убара тартып жаткандар көп”, – деди депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында үйлөр мыйзамсыз курулуш баштаганда токтотулбай, тиешелүү кызматтар тарабынан шарт түзүлгөн. Айрымдарына электр энергия, суу, газ, канализацияга уруксат берилип калган.

“Эки миңден ашуун жарандар, мигранттарыбыз акчаларын берип алып, батирлерин ала албай жүрөт. Дагы канча адам алданат? Өкмөт тарабынан качан контролго алынат?”, – деп кошумчалады депутат.

Сагындык Келдибаев маселени тиешелүү органдарга иликтөөгө тапшырды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of