Шүкүрбек Бейшеналиевге 90 жыл. Жазуучуну эскерүү кечиси өткөрүлдү

Бүгүн, 25 – октябрда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында КРнын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана балдар адабияты боюнча Г.Х. Андерсен атындагы эл аралык сыйлыктын ээси Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдык салтанаттуу мааракеси болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. 

Салтанатта президент Сооронбай Жээнбековдун жана өкмөт башчы Музаметкалый Абылгазиевдин, Ак- Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин, Жазуучулар Союзунун төрагасынын жана “Ак- Талаа биримдиги” коомунун мөчөлөрүнүн куттуктооолору окулду.

Иш – чаранын алкагында Шүкурбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Ак – Талаа биримдиги” коомук бирикмеси менен биргеликте республика боюнча мектеп окуучулары арасында жазуучунун балдарга арналган чыгармаларынын негизинде “Дил баян” жазуу сынагы жарыяланып, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланды.

Юбилей маданий программа менен коштолуп, кыргыз маданиятынын жана искусство чеберлери катышты.

Шүкүрбек Бейшеналиев Кыргызстандагы көрүнүктүү жазуучу, драматург, Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер. Кыргыз элинин көрүнүктүү прозаиги, драматургу жана балдар жазуучусу катары дүйнөгө таанымал. Анын чыгармалары көптөгөн мамлекеттерде ар кыл тилдерде жарык көргөн. Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. Жазуучу 72 жашында дүйнө салган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of