Сузакта заманбап фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди

Бүгүн, 25-октябрь күнү Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кыржол айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун маалымат кызматынан билдиришти.

Мында бейтаптар үчүн бардык шарттар каралган. Имараттын ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары-дармек сактоочу аппараттары сыяктуу керектүү шаймандары менен камсыздалган.

Кыржол айылында буга чейн ФАП болгон эмес, калктын саны 4000ге жакын.

Курулушка кеткен каражатты “Qatar Charity” уюму көтөргөн. Уюм ушуну менен Кыргызстан боюнча 9 ФАП курду.

ФАПтын ачылыш салтанатына депутат Музаффар Исаков, “Qatar Charity” уюмунун кыргызстандагы мүдүрү  Усама Турабий, “Ассанабил” ККФнун өкүлү Мухаммад Мады жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика