Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү 7 күнгө кыскартылды

Мындан ары жаңы төрөлгөн балага ата-эне сүйүнчү пулду дароо ала алышат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдиргендей,  адегенде сүйүнчү пулду алуу мөөнөтү бир жыл, кийин алты ай деп көрсөтүлгөн.

Эми алты айдан кийин арыз бергендерге акча берилбейт.

“Акча которуунун убактысы 1-2 айга создугуп кеткенде нааразы болушкан. Ошондон улам кайра карап чыгып, жети күнгө кыскартылды. Ата-энелер Мамлекеттик каттоо кызматына арыз жазгандан кийин. Бизге келип түшөөрү менен акча которулуп жатат. Айрым ата-энелер сүйүнчү акчаны эки күн ичинде алып жатышат”,-деди Кадыралиева.

Жыл башынан бери 75 миңден ашуун бала сүйүнчү пул берилген.

Сүйүнчү пул алуу үчүн арыз берүүчүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана банктык эсеби талап кылынат.

“Балага сүйүнчү” мыйзам долбоору 2018-жылдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда 98 миң ымыркай жарыкка келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика