Жалал-Абад: бир учурда эки кишиден баңги заты табылды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы бир учурда баңги затына байланыштуу 2 фактыны аныктады.

Жалал-Абад ОИИБынн маалымат кызматы билдиргендей, алынган баңги заттын жалпы көлөмү жарым килограммдан ашуун болгон.

18-октябрь күнү түнкү саат 23:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Бай Эл” базарынын жанынан Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну 22 жаштагы Х уулу Харунду текшерген учурда жанынан “Гашиш” баңги заты табылган. Ыкчам иликтөө иштери улантылып, эртеси 19-ноябрь күнү дагы бир атайылап карасанатайлык менен коомго терс көрүнүштөгү кылмыш жасоо жолуна түшкөн дагы бир экинчи атуулду аныкташкан. Тактап айтканда жогорудагы маалыматтардын негизинде ыкчам тергөө тобу Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылындагы үйлөрдүн бирине барган кезде үй ээси 26 жаштагы Лутфилло кагазга оролгон “Гашиш” баңги затын милиция кызматкерлерине тапшырган.

Кароо жүргүзгөн убакта колдонуп жүргөн уюлдук телефонунан баңги заттарына байланышкан фото материалдар табылган. Кошумча анын үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, үйүнүн ичинен “Гашиш” жана “Марихуана” баңги затттары калыстардын катышуусунда табылып соттук-химиялык экспертизага берилип, жалпы 0,5 килодон ашуун баңги заты экендиги аныкталды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы 2 факты боюнча Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш Жаза Кодексинин 246-беренесине ылайык кылмыш иштери козголуп тергөө амалдары уланууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика