Абылгазиев Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыялады

Жумуштагы кетирген кемчилиги үчүн Каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш, орун басары Мирлан Байгончокковго катуу сөгүш жарыяланды.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлагандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча маселени караган жыйында ушундай чечим кабыл алган.

Ага 2017-жылдагы бюджетти аткарууда мыйзам бузуулар себеп болгон.

Буга чейин Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстан Кытайдын “Эксим банкынан” алган насыяны өздөштүрбөгөнү үчүн 5 миллионго жакын долларды үстөк пайызга кошуп комиссия үчүн ашыкча төлөгөнүн парламенттин тийиштүү комитетинде билдирген болчу.

Өкмөт башчы Абылгазиев Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну да тапшырды.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика