Атайын эсепке дагы 6 млн. сомго жакын каражат которулду

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн акчаны топтоочу депозиттик бирдиктүү эсепке 5 млн. 076 миң 777 сом которулганын билдирди.

Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, ушуну менен 25-октябрга карата эсепке жалпысы болуп 132 млн. дон ашуун каражат которулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн атайын эсеп Каржы министрлигинин алдында ачылган.

Атайын эсепке УКМК, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги өз тармагындагы коррупциялык иштерден өндүргөн каражатты которушат.

Бул багыттагы иштер дагы уланарын Башкы прокуратурадан кошумчалашты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика