Балдар мээримге муктаж. Депутат карылар менен балдар үйүн бириктирүүнү сунуштады

Парламенттин күн мурун болгон жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов Кыргызстандагы карылар үйү менен балдар үйүн бириктирүү керектигин айтты.

Эл өкүлү муну жатак үйлөрүндөгү балдарга ата-эненин мээрими керектиги менен түшүндүрүп, алар бириккенде мээримдүү балдар тарбияланарын жүйө келтирди.

Бул сунушту жаңыдан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектей баштаган Улукбек Кочкоровго да жолдоду.

Кочкоров бул сунушту изилдеп чыга турганын убада кылды.

Кыргызстанда балдар, карылар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жалпы болуп 25 жатак үй бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of