Баткен коогалаңында каза болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 1999-2000-жылдардагы өлкөнүн бүтүндүгүнө жана көз карандысыздыгына коркунуч жараткан Баткен окуясынын катышуучуларына жана коогалаңда каза болгондорду эскерүүгө арналган митинг-реквиемге катышты.  

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердибаев, Бишкек гарнизонунун жеке курамы, Баткен окуясынын жана Ооган согушунун ардагерлери жана коогалаңда курман болгондордун туугандары менен жакындары болду.

Баткен окуясындагы жоокерлерге арналган эстеликке гүлчамбар коюлгандан кийин митинг-реквием Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүндө уланды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков аталган коогалаң көз карандысыз, эгемен Кыргызстан үчүн оор сыноо болгон белгилеп:

“Диний экстремисттердин тобу 1999-жылдын август айынын башында Кыргызстандын түштүгүнө басып кирип, Баткен районунда коогалуу окуянын очогун тутантууга аракет кылган. Бийлик өкүлдөрүн, чет элдик геологдорду жана жергиликтүү тургундарды барымтага алган согушчандар, Борбор Азиядагы башка өлкөлөр үчүн да коркунуч туудурган. Өлкө бүтүндүгүнө жана эл аралык коопсуздукка шек жараткан мындай көрүнүштү тез арада токтотуу багытында ыкчам чара көрүү негизги милдет эле”, – деп кошумчалады төрага.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of