Бетин салбасын. Эми ЖЭБ бузулса да суу тоңбойт

Бишкек жылуулук борборунда кризиске каршы планга ылайык 78 млн. сом бөлүнгөн.

ЖЭБдин директору Андрей Воропаев билдиргендей, мындай чаралар күтүүсүз авариялар болгон учурунда суу менен трубаларды тоӊдурбай, бир аз төмөнкү градуста болсо дагы туруктуу кармап тура алат.

Бул каражаттын эсебинен ЖЭБдин «Батыш – 1,2» жана «Батыш – 3» жылуулук түйүндөрүнө кошумча кошкучтар орнотулган.

Андрей Воропаев ишендиргендей, эми мурдагыдай катуу авариялардын болушу анчалык кооптуу болбойт.

Өткөн жылы кыш чилдеде ЖЭБ аварияга учурап, шаардыктар бир апта бою жылуулуксуз калган. Бул окуя ЖЭБдин Кытайдан алынган насыянын эсебинен оңдолгондон кийинки биринчи кышы болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика