Бишкек менен Доха аба каттамын ачуу каралууда

Доха шаарында Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевдин Катар Мамлекетинин Транспорт жана коммуникация министри Жассим Саиф Ахмед Аль-Сулайти мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушууда, темир жол, унаа жол жана аба транспорту тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, тактап айтканда Кыргызстандан Катарга жүктөрдү жеткирүү үчүн транспорттук коридорду түзүү маселелери талкууланды.

Андан тышкары биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Бишкек менен Доханын ортосунда түз аба каттамын ачуу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Элчи Нуран Ниязалиев Министр Жассим Аль-Сулайти мырзага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун катын тапшырды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of