Быйыл мектеп куруу боюнча өкмөт рекорд коюптур. Ошентсе да 600 мектеп жетишпейт

«Эгерде өткөн жылы 90го жакын социалдык объект курулса, быйылкы жылы пландаштырылган 150 мектептин ордуна 165 объект ишке берилет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда жаңы мектептин ачылыш салтанатында.

Премьер-министр белгилегендей, курулуп жаткан агартуу жайлары жаңы талаптарга жооп берет жана анын ар бирине интернет киргизилет.

«Биз өсүп келе жаткан муун билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, бир нече тилди билип чыгуусун каалайбыз. Алар кеминде үч тилди: кыргыз, орус жана англис тилин билүүсү шарт. Мында чоң жоопкерчилик мугалимдерге жүктөлөт, алар өз ишинде мыктылардын катарында болуусу үчүн кесиптик ыкмаларын өркүндөтүүсү керек», – деди өкмөт башчы.

Буга чейин бийлик убада бергендей, 2018-жылы бир да кооптуу мектеп калбашы керек болчу. Анткен менен учурда Кыргызстанда 2262 мектептин 202синин имараты жараксыз.

Өлкө аймагы боюнча жалпы 600дөй мектеп жетпейт.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика