ЕАЭБдин эпкини экономикага тийип жатат

Ушул жылдын 8 ай аралыгында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр менен болгон соода сатыгынын көлөмү 3,1 пайызга азайган.

Вице-премьер министр Жеңиш Раззаков парламенттин “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдиргендей, өткөн жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү өскөн.

Бирок соңку сегиз ай ичинде сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 1 млрд. 481 млн. долларды түзүп, 3,1 пайызга азайган.

Раззаков кошумчалагандай, Кыргызстан ЕАЭБге киргенге чейин ички дүң өнүмдүн көлөмүн 7,5 пайызга болжосо, уюмга киргенден кийин ИДПнын көлөмү 4,3 пайызды түзгөн.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болуп кирген. Коомчулукта Кыргызстан уюмга даярдыксыз кирип алды деген пикирлер күч.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика