“Кара тизмеге” кирген кыргызстандык жарандар эми Россияга кире алышат

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жетишилген келишимге ылайык, “Кара тизмеге” жана Россиянын миграция мыйзамын бузган жарандар үчүн жеңилдик болот. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин кыргызстандык жарандар өлкөдөн эч кандай тоскоолдуксуз чыгып, кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул болгону 55 күнгө ылайыкташкан. Ошол эле учурда Россиянын аймагына кирген учурда 30 күндүн ичинде каттоого турушу зарыл.

Белгилей кетсек, жеңилдиктер соттун Орусиядан чыгарылсын деген чечимди аткарбаган, укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жана Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандарга каралган эмес.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика