Лос-Анджелесте Азия кинофестивалы башталды

АКШнын Лос-Анджелест шаарында IV Эл Аралык Азия кинофестиваль (Asian World Film Festival) старт алды. Анын ачылышына кинофестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз катышты. Бул тууралуу киноишмер Таалайбек Кулмендиев билдирди.

Анын айтымында, кинофестивалга Азияга белгилүү киноишмерлер, актерлор катышууда. Фестивалдын ачылышынан кийин индиялык актриса Фриада Пинто катышкан “Миллионер из трущоб” тасмасы чоң экранга көрсөтүлдү. Иш-чара жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.

Белгилей кетсек, кинофестиваль кинорежиссёр, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы негизделген. Иш-чара 24-октябрда башталган, 1-ноябрга чейин уланат. Анда Азия өлкөлөрүнүн мыкты, басымдуу бөлүгү Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн фильмдер коюлат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of