Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бий мектеби ачылат

Ушул жылдын 29-октябрдан тарта Бишкекте алгачкы жолу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бий мектеби ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай мектептин ачылышы майып жарандардын убактысын пайдалуу ийримдерге каныктырууга, спорт менен дайыма дос болууну көздөйт.

Буга чейин мындай мектеп Кыргызстанда ачылган эмес. Бийни үйрөнүүдөн тышкары жарандар йога менен машыгып, түрдүү көнүгүүлөрдү дагы жасай алышат. Калоочулар үчүн эшик ачык. Келечекте бул жерден параолимпиаданын катышуучулары чыгат деп үмүт артууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика