Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-октябрь күнү саат 07:51де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

“Жер титирөө Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”,-деп айтылат маалыматта.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика